Камчыбек Ташиев Венгриядагы эл аралык мелдештен келген мушкерлер менен жолугушту






УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Венгрияда болуп өткөн эл аралык мелдешке катышып келген мушкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда мекеменин маалымат кызматынан кабарлады.
"УКМК төрагасы, Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти Камчыбек Ташиев жана бокс федерациясынын президенти Умбеталы Кыдыралиев 7-12-февраль күндөрү Венгриянын Дебрецен шаарында болуп өткөн бокс боюнча “Bocskai lstvan Memorial” эл аралык мелдешине Кыргызстандын атынан катышып келген спортчулар менен жолугушту.
Камчыбек Ташиев спортчулардын жеңиши менен куттуктап, боксчулардын эмгек сиңирген машыктыруучусу Тилекмат Эңкеевге жана Акыйкат Абаевге ыраазычылыгын билдирди. Атайын кызматтын башчысы бул жеңишти багындырууда машыктыруучулардын эмгеги зор экенин баса белгиледи. Ошондой эле мамлекет спортчуларга ар тараптан колдоо көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин айтып, спортчуларды күчтүү жана тайманбас болууга чакырды", - деп айтылат маалыматта.
Өз кезегинде спортчулар жана алардын машыктыруучулары Улуттук бокс федерациясынын президенти жана вице-президентине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришип, мындан ары да өлкө желегин бийик желбиретип, байгелүү орундарды багындырууга болгон күч аракетин жумшаарын убадалаганы кошумчаланды.
Белгилей кетсек, аталган мелдешке Кыргызстандан 10 спортчу катышкан. Жыйынтыгында Эркин Адылбек уулу 86 килограмм салмакта алтын медалга ээ болгон. Ал эми Асылбек Аманкул уулу 48 килограмм салмакта күч сынашып, күмүш байгени багындырган.
