Бишкекте сейил бактарга ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду
Бишкекте сейил бактарга ийне жалбырактуу көчөттөр отургузулду. Бул тууралуу бүгүн, 28-февралда калаа мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, "Бишкекжашылчарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери "Молодежный" паркынын аймагына ийне жалбырактуу, арча, карагай жана туя көчөттөрүн, жалпысынан 70 түп көчөт отургузушту.
"Ошондой эле Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил бактын аймагына 50 жаш туя отургузулат. Ал эми өткөн дем алыш күндөрү Улуттук банк "Ынтымак-1" паркына 40 карагай жана 10 кайың тартуулады", -деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, быйыл борборго 15 000 жашыл көчөт отургузуу пландалууда. Ал эми жыл башынан бери 2000 дарак отургузулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.