Бишкектин мэри: "Борбордогу коомдук транспорт маселеси быйыл чечилет"
Быйыл Бишкек шаарындагы коомдук транспорт маселесин толук чечүү мерчемделүүдө. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.
"Коомдук транспорт маселесин президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен чечип жатабыз. Автобус чыгаруучу заводдун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жыл аягына чейин Бишкек шаарына 1 жарым миң автобус алып келинет. Муну менен коомдук транспорт көйгөйү толук чечилет", - деп билдирди ал.
Белгилей кетсек, 2022-жылдын аягында Бишкек шаарына 120 жаңы автобус алынып, ишке киргизилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.