Акылбек Жапаров Орусиянын өзгөчө кырдаалдар министрин кабыл алды





Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын Жарандык коргонуу иштери, өзгөчө кырдаалдар жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча министри Александр Куренков менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн куткаруу ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсү, өзгөчө кырдаалдарда, биринчи кезекте табигый кырсыктарда аракеттерди координациялоо маселелери талкууланды.
"Жакында Түркияда ири масштабдагы кыйратуучу зилзала баарыбызды сестендирип, бүткүл адамзаттын баалуулуктарын өзгөрттү. Кыйынчылык жайгашкан жерине, улутуна же жарандыгына карабастан келет. Өзгөчө кырдаалдар учурунда саясий, экономикалык, диний жана башка артыкчылыктар экинчи планга түшөт. Биз, бардыгыбыз адамгерчилик принцибин жетекчиликке алабыз. Калкты жана аймактарды табигый кырсыктардын жана техногендик кырсыктардын кесепеттеринен коргоону камсыз кылуунун бардык актуалдуу маселелери боюнча учурда эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволору ортосунда жемиштүү кызматташуулар ишке ашырылууда", - деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин башчысы белгилегендей, жыл өткөн сайын эки тараптуу кызматташтык активдешип, кесипкөй ишмердүүлүктүн көптөгөн багыттары алдыңкы тажрыйба алмашуунун предмети жана өз ара пайдалуу долбоорлорду илгерилетүү үчүн негиз болуп саналат.
Бул жагдайда Жапаров орусиялык өндүрүштөн чыккан 40 өрт өчүрүүчү унаа түрүндө берилген техникалык жардам үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде өзгөчө кырдаалдар министри Александр Куренков Кыргызстан Орусиянын маанилүү стратегиялык өнөктөшү жана союздашы катары саналарын билдирди.
Ал Түркиядагы куткаруу иштеринин жүрүшүндө кыргызстандык куткаруучулардын натыйжалуу ишин белгиледи.
"Кырсык болгондон 13 күн өткөндөн кийин кыргызстандык куткаруучулардын аракети менен 3 адам тирүү табылган. Муну керемет көрүнүш катары түшүнсөк болот", - деди Куренков.


1 |