super.kg logo

Президент Коргоо министрлигинин Борбордук оңдоо базасынын абалы менен таанышты

 

Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы Садыр Жапаров бүгүн, 2-мартта Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин өз алдынча Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын октябрь айында ачылган базада курал-жарактарды жана аскердик техниканы максатына жараша колдонууга даярдоо үчүн комплекстүү техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Мамлекет башчысы Борбордук базанын бир нече объектилерин: зооттолгон танкалык техниканы (танктарды жана БМП) тейлөө жана оңдоо пунктун, атайын жумуш аянтын, аккумуляторлуу батареяларды заряддоо автоматташтырылган системасын, сырдоочу цехти, өздүк курамга тиричилик кызмат көрсөтүү үчүн корпусту, видеокөзөмөл жана телевизорлор менен жабдылган тышкы периметрди коргоо жана эрте аныктоо пунктун, ошондой эле оңдоодон өткөн зооттолгон танкалык техниканы көрүп чыкты.

Президентке 2023-2024-жылдарга базаны өнүктүрүүнүн келечеги, тактап айтканда базанын аймагын кеңейтүү, зооттолгон танкалык техниканы сактоочу жайларды куруу, аны оңдоо үчүн кошумча жабдууларды орнотуу, коопсуздук тутумун чыңдоо жана башка көптөгөн нерселер пландалып жатканы тууралуу маалымат берилди.

Андан соң, Садыр Жапаров курал-жарак жана ок-дары кампаларынан турган ракеталык жана артиллериялык куралдардын кампасын көрүп чыкты.

Ал жерде бюджеттен тышкаркы каражатка бир катар сактоочу жайлар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, жаңылары курулган. Жакынкы аралыкта оңдоо иштерин улантуу, коопсуздук системасынын жаңы элементтерин орнотуу жана кирүүчү жолдорду жабдуу пландалууда.

Ошону менен бирге мамлекет башчысы курал-жарактын, аскердик жана атайын техниканын, жабдыктардын жана формалык кийимдердин үлгүлөрү менен таанышты, ошондой эле айлана-тегеректеги шарттардан көз каранды болбогон медициналык жардам көрсөтүү үчүн зарыл дарылоо жабдуулар менен жабдылган мобилдик аскердик талаа госпиталын карап чыкты.

Президент өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн бекемдөө зарылдыгын белгилеп, Куралдуу күчтөрдүн материалдык-техникалык базасын чыңдоого багытталган бир катар тапшырмаларды берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2023. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аны чыцдоо керек....
02.03.2023. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: