super.kg logo

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча керектүү документтер (Тизме)

 

Өлкөдө жалпы республикалык тестирлөөгө онлайн каттоо жүрүп жатат. Бул тууралуу билимдерди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева бүгүн, 3-марттагы маалымат жыйында билдирди.

Айтымында, быйылкы ЖРТга каттоо акысы 470 сомду түздү.

"Быйыл ЖРТга онлайн каттоо 27-февралда башталды. Ал 7-апрелге чейин уланат. Каттоо системасына кирүү үчүн окуучулар окуган мектебине, ал эми мурдагы бүтүрүүчүлөр райондук же шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө кайрылып системага кирүүгө мүмкүнчүлүк алышы керек.

Былтыр ЖРТга каттоо акысы 370 сом болчу, быйыл 470 сом болду. Бул сумма 3 жыл катары менен, тагыраагы 2025-жылга чейин өзгөрбөйт", - деп билдирди ал.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча керектүү документтер.

* Паспорт (же паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
* Орто билим жөнүндөгү аттестат же диплом (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү);
* ЖРТга каттоо акысын төлөгөнүн тастыктаган маалымат;
* Талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.

Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр тестирлөөнү кыргыз же орус тилинде тапшырууга болот.

Белгилей кетсек, былтыр жалпы республикалык тестирлөө 23-майда башталып 28-майда аяктаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: