super.kg logo

Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын ишембиликке чакырат

 
Бишкек шаардык мэриясы калаа тургундарын 4-мартта боло турган ишембиликке чакырат.
Мекеменин маалымат кызматы калаада 1-марттан 31-майга чейин көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча үч айлык жарыяланганын кабарлады.
"4-мартта жалпы шаардык ишембилик өткөрүлүп, көчөлөрүбүздү, короо-жайларыбызды тазалап, көчөт отургузабыз. Ишембиликте имараттарга жана курулуштарга жанаша турган арыктарды, парктарды жана скверлерди тазалоого өзгөчө көңүл бурулат. Чарбалык субъектилердин, уюмдардын жана мекемелердин ишембиликтерин өткөрүү күнү, аймагы райондук администрациялар тарабынан аныкталат. Урматтуу шаар тургундары! Баарыңыздарды шаарыбызды көрктөндүрүүгө, тазалоого чакырабыз", - деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: