super.kg logo

ЖРТга каттоодон кечиккен абитуриенттер тест тапшыра алабы?

 

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон кечиккен абитуриенттер май айында кошумча каттоодон өтө алышат. Бул тууралуу билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева маалымат жыйында айтты.

"Май айында ЖРТ өтөрүнө бир күн калганда ар бир тест борборунда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Анда каттоого жетишпей калган абитуриенттер керектүү документтерди (кошумча 3х4 форматындагы сурөт керектелет) алып келип, каттоодон өтүп, тестке кирүүгө мүмкүнчүлүгү бар" деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, ЖРТга каттоо 27-февралда башталды. Ал 7-апрелге чейин уланат.

Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо боюнча керектүү документтер.

* Паспорт (же паспорт ала элек болсо туулгандыгы тууралуу күбөлүк);
* Орто билим жөнүндөгү аттестат же диплом (мурдагы жылдардын бүтүрүүчүлөрү);
* ЖРТга каттоо акысын төлөгөнүн тастыктаган маалымат;
* Талаптарга ылайык келген электрондук фотосүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: