super.kg logo

Бишкек мэриясы таштанды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт курууну пландоодо

 

Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 100 пункт курууну пландоодо.

Маалымдалгандай, пилоттук долбоордун алкагында борбор калаада таштандыларды сорттоочу пункттар Жибек Жолу проспектиси менен Панфилов көчөсүнүн кесилишинде, Бишкек Парк соода борборунун жанында, Раззаков менен Жумабек, Токтогул жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде орнотулган.

"Эко-аянтчалар улуттук жана эл аралык стандарттарды, санитардык-гигиеналык нормаларды эске алуу менен курулган. Евроконтейнердин ичине видеокөзөмөл камера орнотулуп, суу, канализация жана электр энергиясы кошулган. Ошондой эле таштандыларды сорттоочу бөлмө аристон жана кондиционер менен жабдылган", - деп белгилешти мэриядан.

Долбоордун максаты - жарандарда таштандыны өзүнчө чогултуу маданиятын калыптандыруу жана экологиялык аң-сезимди өнүктүрүү, экологиялык абалды жакшыртуу жана ден соолукту сактоо, жеке компанияларды тартуу жана шаардын киреше бөлүгүн көбөйтүү болуп саналат.

Белгилей кетсек, күн мурун, 2-мартта Бишкек шаарынын мэриясы таштандыларды чогултуу жана сорттоо үчүн 50 пункт курууну пландап жаткандыгын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
03.03.2023. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы....
04.03.2023. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул дени сак чөйрө үчүн зарыл....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: