super.kg logo

Жээнбек Кулубаев Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору менен жолукту

 

Кечээ, 3-мартта адам укуктары боюнча БУУнун Кеңешинин 52-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин катышуусунун алкагында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Гебрейесус менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалыматында айтылат.

Кабарлангандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ДСУнун ортосундагы саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүүгө жана чыңдоого, ошондой эле COVID-19 пандемиясына жана анын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган кызматташуунун маанилүү аспектилерин талкуулашты.

Министр Кулубаев Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагындагы артыкчылыктуу милдеттерди, атап айтканда, баштапкы медициналык-санитардык жардамды модернизациялоо, маалыматтарды бирдиктүү жана борборлоштурулган иштеп чыгууну камсыз кылууга жөндөмдүү саламаттык сактоонун маалыматтык тутумун түзүү, саламаттыкты сактоо тармагындагы өзгөчө кырдаалдарга туруктуулукту андан ары жогорулатуу, жугуштуу эмес оорулардын алдын алууну күчөтүү боюнча милдеттерди чечүүгө басым жасоону сунуштады.

Гебрейесус Кыргызстандын Өкмөтүнүн биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн артыкчылыктуулугун жогорулатуу максатында улуттук саламаттык сактоо тутумунун инфратүзүмүн рационализациялоо боюнча аракеттерин жогору баалап, ошондой эле саламаттыкты сактоону өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча ДСУ мындан ары да өлкөгө жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Башкы директор министрге жакында Түркиянын жана Сириянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарына жасаган иш-сапары тууралуу маалымат берди, андан соң тараптар ал өлкөлөрдөгү азыркы гуманитардык абалды талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстандын ДСУ менен кызматташуусунун бардык спектри боюнча өз ара аракеттенүүсүн улантууга өз ара даярдыгын билдиришти. Ошону менен бирге министр Жээнбек Кулубаев башкы директор Гебрейесусту ага ыңгайлуу учурда Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.03.2023. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow....
04.03.2023. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: