super.kg logo

Президент бир катар аким жана мэрлерге сөгүш жарыялап, бир катар жетекчилерди кызматтан алды

 

Бир катар жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларына жана шаар мэрлерине сөгүш жарыяланып, бир катар жетекчилер ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрдүн төмөндүгүнө, функционалдык милдеттерди аткаруунун деңгээлинин жетишсиздигине байланыштуу төмөн баа алган жетекчилердин катарына киргендигинен, жер амнистиясын жүргүзүү боюнча түзүлгөн комиссиянын ишин текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча, ошондой эле жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын жана облустук деңгээлдеги шаарлардын мэрлеринин 2022-жылга аткарылган иштери жөнүндө отчётторун кабыл алуу боюнча жумушчу комиссиянын чечимине ылайык президент төмөнкү чечимдерди кабыл алды:

- Матанбаев Жамшит Кадырович Нарын облусунун Жумгал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – акими кызматынан бошотулду;

- Анаркулов Бактибек Кочкорович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими кызматынан бошотулду.

Ошондой эле сөгүш алгандар:

- Жумаев Алайбек Мусаевич - Чүй облусунун Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;

- Бектемиров Келсинбек Базаркулович - Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын мэри;

- Самаев Урматбек Обозбекович - Чүй облусунун Токмок шаарынын мэри.

Мындан тышкары, эскертүү алгандар:

- Кулубаев Сейтек Дөлөтбекович - Ош облусунун Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;

- Ногоев Турусбек Молдобекович - Ош облусунун Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;

- Тагаев Мураталы Абдыкарович - Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими;

- Жээнбеков Досмамбет Аматович - Талас облусундагы Манас районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими.

Мындан тышкары, Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан кабыл алынган чечимдерге ылайык төмөндөгүлөр ээлеген кызматтарынан бошотулду:

- Абдугулов Бактыбек Нурбекович - Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин биринчи орун басары;

- Баялиева Зина Кадыркуловна - Талас облусунун Талас районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин орун басары;

- Сатаров Данияр Сатарович - Ысык-Көл облусунун Түп районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин биринчи орун басары;

- Султангазиева Гулжамал Абалиевна - Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысынын - акиминин орун басары.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
04.03.2023. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бекем....
04.03.2023. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
05.03.2023. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Кара-Суу акимиятына барып кайрылдым,куру эле убарагерчилик,кайра чалабыз деп номеримди алып калып алдап чалышкан жок...Окулчулукко да ,айыл-окмотко да кайрылгам жыйынтык жок.Эмне кылса болот?Соссуз ыйлап президентке видео кайрылуу жасаш керекпи?Иштешпейт экен акими деле башкасы деле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: