super.kg logo

ККМ ишке киргизилгенден бери эмне өзгөрүү болду? Акылбек Жапаров жооп берди

 

Контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди көрсөтүп турат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14 маселе каралган министрлер кабинетинин кезектеги отурумунда билдирди.

"Акыркы жылдары мамлекет бир дагы жаңы салыкты киргизген жок. Болгону, ишкерлер учурдагы мыйзамдарга ылайык, контролдук-кассалык машиналарды орнотуп, ал аркылуу иштөөсүн суранабыз. Контролдук-кассалык машиналар ишке киргизилгенден тартып салыктык түшүүлөрдүн өсүү динамикасы биздин туура жолдо экенибизди айгинелейт. Бизнес ар кандай “күңүрт”, же көмүскө схемаларды колдонбостон, ачык-айкын жана чынчыл иштеши керек", - деди ал.

Акылбек Жапаров белгилегендей, буга чейин бир топ финансылык каражаттар мамлекеттик казынага түшпөй келген.

"Азыр салык чогултуу кыйла жакшырды. Биз фискалдык системаны мындан ары да жакшыртууну улантабыз. Дал ушул каражаттарга жолдор жана көпүрөлөр, жаңы социалдык объектилер курулуп, пенсия менен социалдык жөлөкпулдардын өлчөмү көбөйтүлүп, бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин жана аскер кызматкерлеринин эмгек акысы көбөйүүдө. Ар бирибиз, анын ичинде ишкерлер да салыктык чегерүү жана бажы төлөмдөрү түрүндө түшкөн каражаттар кандай максаттарга жумшалып жатканын так түшүнүүбүз керек”,- деди министрлер кабинетинин башчысы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: