super.kg logo

Президент сот тутумунун кызматкерлери менен жолугушту

 

Бүгүн, 4-мартта президент Садыр Жапаров өлкөнүн сот тутумунун кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Мамлекет башчы сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынарын белгиледи.

Ал сот бийлигинин жетекчилерин, сотторду, сот тутумунун кызматкерлерин жана ардагерлерин келе жаткан кесиптик майрамы менен куттуктады.

"Сот — бул сиздердин жөн гана кесиптик иш чөйрөңүздөр эле эмес, миллиондогон жарандардын тагдырына таасир эте турган мамлекеттик институт.

Сот тутуму өзүнчө бир бийлик бутагы катары укуктук мамлекеттин эң маанилүү түзүүчүлөрүнүн бири болуп саналат. Андыктан сиздер колуңуздардагы мындай эбегейсиз чоң бийлик ресурсун туура, так жана натыйжалуу колдоно билишиңиздер зарыл. Аны калыс, акыйкат колдонуу менен жалпы мамлекеттик бийликтин аброю бекемделет, элдин ишеничи кайтарылат.

Сот тутуму жарандардын жана ишкерлердин конституциялык укуктарынын, ошондой эле алардын эркиндигинин ишенимдүү корголушун камсыз кылууга милдеттүү. Ошол эле маалда сот бийлиги жеке кызыкчылыктан, саясий симпатиядан, идеологиялык алдын ала пикирлерден оолак болуусу өтө маанилүү!

Өзгөчө сот тутумунун кызматкерлеринен ак ниеттүүлүк, принципиалдуулук, чынчылдык жана кынтыксыз жүрүм-турум талап кылынат. Себеби сот бийлигинин аброю ар бир кызматкердин өз милдеттерин канчалык абийирдүү жана жоопкерчиликтүү аткаргандыгынан түздөн-түз көз каранды", - деди Жапаров.

Андан кийин Садыр Жапаров сот системасынын азыркы абалына токтолду.

"Мен президенттикке келгенде мамлекетибиз кандай оор акыбалда болгонун өзүңүздөр жакшы билесиздер. Бирок ошондой болсо дагы Кыргыз Республикасынын сот тутуму акыркы эки жылда бир топ алгылыктуу иштерди аткарып, сот реформасынын алкагында маанилүү натыйжаларга жетише алды.

Судьялардын, сот тутумунун кызматкерлеринин айлык маяналарынын кыйла жогорулашы, судьялардын масштабдуу ротациясы, ротация болгон судьялар үчүн кызматтык турак жайлардын курулушу — азырынча жетишилген натыйжалардын чеги гана", - деди мамлекет башчы.

Президент кошумчалагандай, жакынкы аралыкта бардык райондук борборлорунда судьялар, сот тутумунун жетекчилери жана кызматкерлери үчүн бардык шарттары бар көп кабаттуу кызматтык үйлөрдүн курулушу бүткөрүлөт.

Садыр Жапаров сөзүнүн соңунда дагы бир жолу иш-чаранын катышуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктап, бекем ден соолук, жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.03.2023. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wow.....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: