super.kg logo

Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу жүрүш өттү (фото)

 

Кечээ, 4-мартта Ош шаарында Ак калпак күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, иш-чарада улуттук кийимдерди кийген жаштар патриоттук ураандар менен борбордук аянттан Султан Ибраимов атындагы улуттук драма театрына чейин параддан өтүштү.

Жүрүшкө 700дөн ашык жаш активисттер, жогорку окуу жайлардын студенттери, маданият жана искусство ишмерлери катышты.

Андан соң драма театрда аскер кызматкерлери арасында “Ыйык милдет” аттуу сынак болуп өттү.

Анын жеңүүчүсү болуп №7703 аскер бөлүгүнүн аскер кызматкерлери табылып, 20 миң сом сыйлык ыйгарылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: