super.kg logo

Президент күтүүсүздөн Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды

 

Президент Садыр Жапаров дем алыш күнү Ак-Ордо-3 жаңы конушуна барды. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын билдирүүсүнө караганда, президент эч кимге айтпай, керектүү кишилерди даярдатып койбой, күтүүсүз барып эл аралап жүрөт.

"Жашоочулар өздөрү сүрөткө тартып, социалдык байланыш тармактарында таратып жатышат.

Чындыгында биз - маалыматтык саясат кызматы деле билген эмеспиз. Учурдан пайдаланып айтып коюуну туура көрдүм. Кыргызстандын аймагында болуп жаткан маалыматтар, социалдык байланыш тармагындагы талкуулар боюнча мамлекет башчысынын толук маалыматы бар.

Керек учурда өзү күтүүсүз келип калат. Көп учурда өзү эч кимге кабар бербей кыдырып, таанышып жүрө берет", - дейт Орунбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Садыр Жапаров барган конушта үйү түрттүрүлгөн аял тууралуу коомчулукта талкуу болуп жаткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.03.2023. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эң туура кылган, Жапаров элдин президенти! Бар болуңуз!
05.03.2023. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эшектин тезегин да чечишпейт,Кара-Суунун акимине бардым,айыл окмото бардым курук эле создор тажатышты.
05.03.2023. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:) :)
06.03.2023. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: