super.kg logo

ИИМ Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарындагы бир нече жетекчилерди ротация кылды (тизме)

 

Милициянын райондук-шаардык кызматтарын чыңдоо максатында ички иштер органдарынын жетекчилик курамдарын ротациялоо иштери дагы улантылууда.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, өткөн жумада ички иштер министрлигинин буйругу менен милициянын полковниги Кенжебай Абдуллаев Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Нурланбек Бурканов Баткен облусунун Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Ош облусунун Араван РИИБдин начальниги кызматына дайындалды.

Ошондой эле милициянын полковниги Уланбек Коноев Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Медербек Муратов Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Асрор Тантиев Талас облусунун Талас ШИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон РИИБдин начальниги кызматына, милициянын полковниги Алтынбек Мусаев Жалал-Абад облусунун Ноокен РИИБдин начальниги кызматынан бошотулуп, Нарын облусунун Жумгал РИИБдин начальниги кызматына дайындалышты.

Жаңы дайындалган жетекчилерге коомдук тартипти сактоого, кылмыштуулук менен күрөшүүгө жана аны алдын алууга, кылмыштардын бетин ыкчам ачуу тапшырмалары берилди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: