"Жаза күчөтүлөт". "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо жарышка түшкөн айдоочуларга айып салынды
Бишкектеги "Манас" аэропортуна бара жаткан жолдо унаалары менен жарышка түшкөн айдоочуларга 7 жарым миң сомдон айып пул салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.
Аэропортко бара жаткан жолдо 7 айдоочу жарышка түшкөнү аныкталып, 7500 сомдон айып пул салынды. Ошондой эле алардын унаалары айып короо жайына киргизилди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автоээнбаштык кылган айдоочуларга жаза күчөтүлөрүн кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.