"Камчыбек Ташиев өзү көзөмөлгө алат". Сузакта заманбап төрөт үйүнө капсула салынды



Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Барпы айыл өкмөтүндө 75 орунга ылайыкташылган заманбап төрөт үйү курулат. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн капсула салуу аземи болуп, ага УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, ӨКМнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Абдулнасир Закиров катышты.
"Курулушка жеке ишкерлер тарабынан 270 миллион сом акча бөлүнүп, жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер аянты даярдалган, курулуш иштерин ӨКМнын Жалал-Абад облусундагы өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча механикалаштырылган базасы жүргүзөт", - деп айтылат маалыматта.
Төрөт үйү ушул жылдын аягына чейин курулуп бүтөрү жана Камчыбек Ташиев бул иштин жүрүшүн тыкыр көзөмөлгө аларын баса белгилегени кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.