super.kg logo

Акылбек Жапаров Кытай элчиси менен Бишкекке дагы 1500 автобус алуу маселесин сүйлөштү

 

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууга ошондой эле Кытайдын экспорттук кредиттик камсыздандыруу корпорациясынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган долбоорлор талкууланды.

Атап айтканда, Акылбек Жапаров Бишкек шаарынын мэриясы үчүн Кытайда чыгарылган 1500 автобус сатып алуу маселесин көтөрдү.

Ал кыргыз жана кытай тараптын бул маселени сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Талкуу алкагында борбор калаада аталган транспортту кураштыруу жана сервистик тейлөө борборун ачуу идеялары айтылды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле Кыргызстандын сугат жерлерин суу менен камсыз кылууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү Айланма Чүй каналы-2 (АЧК-2) курулушунун долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Министрлер кабинетинин башчысы долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону тездетүү жана быйылкы жылы курулуш иштерин баштоо зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Кытай элчиси Ду Дэвэнь жогоруда аталган маселелерди илгерилетүүгө даярдыгын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: