super.kg logo

Милиция колу кесилген наристенин иши боюнча текшерүү жүргүзүүдө

 

Дарыгерлердин шалаакылыгынан колунан ажыраган наристенин иши боюнча алдын ала текшерүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө таянсак, 24-февралда Токтогул райондук прокуратурасына Токтогул районунун 25 жаштагы тургуну У. у А. арыз менен кайрылган.

"Ал арызында жаңы төрөлгөн (ред.; 07.01.2023-жыл) наристеси У.Б. денесине ар түрдүү нерселер чыгып, дене табы көтөрүлгөндүктөн райондук оорукананын кайра жандандыруу бөлүмүнө кайрылгандыгын айткан. Ошондой эле ал жерде дарыгерлер уулунун колуна туура эмес укол сайышып, анын кесепетинен Бишкектеги Жал кичи шаарчасындагы балдар ооруканасында он колун чыканактан ылдый жагы кесилип, ампутация болгондугун билдирген. Мындан тышкары Токтогул райондук ооруканада иштеген окуяга тиешеси бар дарыгерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып берүүнү суранган.

Аталган факты 28-февралда Токтогул РИИБинин Маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар болгон Токтогул райондук оорукананын дарыгерлери жана медайымдары күбө катары суралган.

6-мартта У.Б. бейтап баяны алынып, Саламатыкты сактоо министрилигинин алдындагы соттук-медициналык экспертиза борборуна соттук-комиссиялык экспертиза дайындалып, топтолгон материал жиберилген", - деп жазылат маалыматта.

Учурда аталган факты боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Маалымат үчүн:

Токтогул районунда дарыгерлердин шалаакылыгынан наристе колунан ажыраганын журналист Баяна Кулова социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги учурда аталган маселе министрдин көзөмөлүндө экенин маалымдашкан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: