Нарын чек ара кошууну 89 жылдык мааракесин белгиледи
Бүгүн, 10-декбарда
Нарын чек ара кошууну 89 жылдык мааракесин белгиледи. Бул тууралуу КРнын
Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.
Автор: Темирбек Матаев
Иш-чаранын
жүрүшүндө Нарын чек ара кошуунунун башчысы Руслан Закиров кызматта өзгөчөлөнгөн
аскер кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Андан соң В.Чкалов атындагы орто
мектептин окуучулары кошуундун өздүк курамына майрамдык концерт тартуулашты.
Руслан Закиров Нарын чек ара кошууну өзүнүн баатырлары менен даңкталган көп
жылдык тарыхы бар аскердик кошуун экендигин белгилеп өттү.
Салтанатка чек ара
кошуунунун кол башчылыгы, жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, кошуундун
өздүк курамы жана мектеп окуучулары катышты.
Кошумчалай кетсек, Нарын
чек ара кошууну 1924-жылы кыргыз-кытай чек ара тилкесинин бир бөлүгүн
кайтарууга алган комендантура катары негизделген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
0

