"Окуучуларды мугалимди сыйлоого көндүрөм". Мугалимди шылдыңга алган окуучу министрге убада берди
Мугалимди көзгө илбей сабак учурунда өзүм билемдик кылган окуучу министр Каныбек Иманалиевге башка окуучуларды дагы мугалимди сыйлоого көндүрүүгө убада берди.
"Экөөбүз жигитче кол алыштык, мындан кийин бүт окуучуларды мугалимди сыйлоого көндүрөм деди", - деп билдирди Билим берүү министри Каныбек Иманалиев.
Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектеги №91 мектеп-гимназиясында сабак учурунда окуучу түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видеосу интернетке тараган болчу. Буга байланыштуу министр окуучу жана мугалим менен жолугушту.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.