super.kg logo

Бишкекте көчөлөрдү жууп-тазалоо иштери башталды (тизме)

 

“Тазалык” муниципалдык ишканасы борбор калаанын көчөлөрүн жууп-тазалоо иштерин күчөттү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-марттан 12-мартка чейин Бишкектин борбордук жана кошумча көчөлөрүн жууп-тазалоо иштери жүргүзүлөт. Бүгүн кечинде линияга 26 сугат машина чыккандыгы айтылат.

Алар:

- Октябрь району: А.Токомбаев, Түштүк магистраль, Ахунбаев, Жукеев-Пудовкин, 7-апрель, М.Горький, Байтик Баатыр, Юнусалиев, Сүйөркулов көчөлөрү;

- Биринчи май району: Манас, Чүй, Киев, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Исанов, Тоголок Молдо, Абдымомунов, Эркиндик бульвары, Тыныстанов, Ахунбаев, Лев Толстой, Логвиненко, Панфилов көчөлөрү, Жибек-Жолу проспектиси, Мехаев, Горький, Токтоналиев, Айни, Сухомлинов, Малдыбаев, Кулатов көчөлөрү;

- Ленин району: Чыңгыз Айтматов проспектиси, Чүй проспектиси, Жаш Гвардия бульвары, Ахунбаев, Киев, Токтогул, Москва көчөлөрү;

- Свердлов району: Чүй проспектиси, Ауэзов, Курманжан-Датка, Лермонтов, Сүйүнбаев көчөлөрү;

- Чоң-Арык участогу: Чыңгыз Айтматов проспектиси, Ахунбаев, Алыкулов, Кырк-кыз көчөлөрү.


Андан соң конуштардагы көчөлөр жуулат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: