super.kg logo

Айгүл Жапарова Москвадагы бир катар билим берүү мекемелерине барды үрөт)

 

Биринчи айым Айгүл Жапарова “Кыргызстан менен Орусиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуунун алкагында Москва шаарындагы бир катар билим берүү мекемелеринде барды. Бул тууралуу бүгүн, 7-мартта президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Айгүл Жапарова Орусиянын Гнесиндер атындагы музыкалык академиясына жана Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайына барганында аталган окуу жайларда билим алып жаткан кыргызстандык студенттер менен баарлашты.

Ал Орусиянын эң мыкты жогорку окуу жайларында сапаттуу билим алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин канааттануу менен белгилеп, Кыргызстандан барган студенттерге окууларында ийгиликтерди каалады. Кыргызстандык студенттер белгилүү композицияларды, чакан театралдаштырылган оюн-зоок тартуулашты.

Андан ары Айгүл Жапарова мектеп окуучуларынын тамак-ашын уюштуруунун жүрүшү менен таанышуу максатында №1253 мектебине барды. Ага билим берүү мекемесинин тамак-аш блогуна жеткенге чейин азыктын өткөн ар бир этабы жөнүндө маалымат берилди.

Аягында биринчи айым Айгүл Жапарова мектеп тамагын уюштуруунун процесси менен жеке таанышуу үчүн аталган мекеменин ашканасынан түшкү тамактанууга чакырылганы айтылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: