super.kg logo

Кыргыз айымдары үй жумуштарына канча убакыт бөлөт? Статистикалык маалыматтар

 

Улуттук статистикалык комитети 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата өлкөдөгү айымдар тууралуу статистикалык маалыматтарды жарыялады.

Маалыматка ылайык, өлкөдө аялдардын орточо жаш курагы 29 жаш. Бул көрсөткүч эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш).

* Аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Эркектердин өлүмү аялдардын өлүмүнө караганда 1,6-1,7 эсеге жогору.

* 2021-жылы 51 миңге жакын аял никеге турган. Алардын 93 пайызы биринчи жолу никеге тургандар. Аялдар 20-29 жашта үй-бүлө курууга басым жасашат. Никеге турган ар бир экинчи аял 20-24 жашта, ар бир бешинчи аял – 17-19 жашта же 25-29 жашта болгон.

* Республикада орточо алганда аял биринчи баласын 23-24 жашында төрөйт жана үч балалуу болот. Бул жетишерлик жогорку көрсөткүч болуп саналат.

* 2021-жылы эмгекке жарамдуу жаш курактагы иштеген аялдардын деңгээли 47 пайызды, ал эми экономикада эмгектенген аялдардын орточо жаш курагы 40 жашты түзгөн. Өлкөнүн экономикасында эмгектенген ар бир жетинчи аял 35-39 жашта болгон. Алар билим берүү, саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык жактан тейлөө, мейманканалар жана ресторандар чөйрөсү жана соода сыяктуу иштерде эмгектенишет.

* Республика боюнча аялдардын эмгек акысынын эркектердин маянасына болгон катышы 2022-жылы ноябрь айында жүргүзүлгөн ишканалардын жана мекемелердин бир жолку изилдөөсүнүн маалыматтары боюнча 79,6 пайызды түзгөн.

* Иштеген аялдардын үлүшү 2021-жылы 28 пайызды, ошол эле убакта эркектердин үлүшү 19 пайызды түзгөн. Ал эми орто кесиптик билимге ээ адамдардын санында бул көрсөткүч тиешелүүлүгүнө жараша 17 жана 9 пайызды түзөт.

* Аялдар үй жумуштарына өз убактысынын 18 пайыздан ашык кетиришип, күн сайын суткасына орточо эсеп менен 4 саат 20 мүнөт бөлүшөт. Эркектерде бул чыгымдар 4,7 эсеге аз. Натыйжада, аялдар эркектерге салыштырмалуу үй жумуштарына дээрлик 5 эсеге жана бала тарбиялоого 2,3 эсеге көп убакыт коротушат.

Айыл жериндеги аялдар шаардагы аялдарга салыштырмалуу үй жумуштарына 1,3 эсеге көп убакыт коротушат. Алсак, айылдарда иштеген аялдар күнүнө орто эсеп менен 5 саат 25 мүнөт, ал эми шаарларда 4 саат убакыт сарпташат.

* Аялдардын эс алуусунун активдүү түрү спорт. Жумасына 1 саат 24 мүнөт сейилдешет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: