Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча жумушчу топтун кезектеги жолугушуусу өттү
Жалал-Абадда Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын алдыдагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоонун уюштуруу-укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу өттү. Жолугушуу 1-7-март күндөрү өткөн. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришти.
Кабарлангандай, макулдашылган графикке ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүн жүргүзүштү.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.