Бишкекке дагы бир сейил бак куруу сунушталды. Кайсы жерге?
Бишкектеги Элебесов жана Фере көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан турбазага сейил бак куруу керек. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.
"Свердлов районундагы Фере көчөсүндө жайгашкан төрт гектарга жакын жерде турбаза жайгашкан. Ошону мамлекетке өткөрбөй жатасыздар. Биздин Панфилов сейил багынан башка сейил бак жок. Ошол жерге балдар эс ала турган сейил бак кылып, аттракциондорду алып келип, балдарыбызга эс ала тургандай кылсак болот эле.
Ушуну мэрия менен колго алып, жерди мамлекетке өткөрүү керек. Азыр Кытайдан келген өкүлдөр иштетпей эле бир нерсе кылып жүрүшөт экен", - деди Атазов.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.