super.kg logo

Депутат мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп жатканына тынчсызданды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Медер Алиев акыркы кезде мугалимдердин кадыр-баркы төмөндөп кеткенине тынчсызданганын билдирди. Бул тууралуу оюн ал бүгүн, 9-марттагы парламенттин жыйынында ортого салды.

"Өткөн жумада интернет желесинде мектеп окуучусу сабак учурунда мугалимди көзгө илбей, оозго алгыс ыплас сөздөрдү сүйлөп, өтө жат көрүнүш болду. Мугалим - мамлекеттин, келечектин тарбияланышына, туура багытка кетишинин башатында турган инсан. Тилекке каршы, азыркы учурда Кыргызстанда аталган кесип ээлеринин кадыр-баркы өтө төмөн болуп кетти. Кээ бир учурларда мектеп окуучулары, алардын ата-энелери өздөрүнүн укуктарын талап кылганды билет, бирок жоопкерчиликти билбейт", - деди эл өкүлү.

Ошондой эле ал союз мезгилиндеги мугалимдер катуу талап койгонун, анын артында окуучулардын жетишкен ийгиликтери тууралуу кебин улады. Айтымында, ал учурда кыргыз окуучулары бүткүл союздук олимпиадаларда алдыңкы орундарды ээлеп келишкен.

"Азыр мугалим үнүн кичине бийик чыгарып койсо, "укугум бузулду" деп такыр басмырлап, төө бастыга калтырып, мугалимдер талап коюудан дагы чочуп калышты. Бул өтө жакшы көрүнүш эмес. Мугалимдердин кадыр-баркын, коомдо ордун бекемдегенге баарыбыз жардам беришибиз керек", - деди ал.

Эске салсак, 7-мартта интернетте мугалимди шылдыңга алган окуучулардын видеосу тараган. Видео Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясында тартылганы белгилүү болгон. Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аталган мектепке барып, мугалим жана окуучулар менен жолуккан. Окуучу жосунсуз жоругу үчүн мугалиминен жана мектеп жааматынан кечирим сураган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: