Бишкекте чыгаан композитор Владимир Власовдун 110 жылдыгы белгиленет
Бишкекте Кыргыз
ССРинин Эл артисти Владимир Власовдун 110 жылдыгына карата майрамдык
салтанаттар уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн, 10-декабрда КРнын Маданият,
маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Автор: Темирбек Матаев
Владимир Власовдун
110 жылдыгына карата университеттерде, мектептерде “Чыгаан композитор В.Власовдун кыргыз музыкасынын өнүгүүсүнө кошкон салымы” темасында уктуруулар
болот.
Мындан тышкары Кыргыз улуттук консерваториясында илимий-практикалык
конференциялар уюштурулат. Ошондой эле композиторду эскерүү кечеси жана
көргөзмөлөр өтөт. Министрликтин берген маалыматына караганда, Владимир Власовдун
110 жылдык мааракесин белгилөө салтанаты декабрдын аягына дейре улантылат.
Белгилей кетсек, улуу композитор “Алтын кыз” операсынын, “Ажал ордуна” (А.Малдыбаев, В.Фере менен биргеликте 1938-жыл), “Айчүрөк” жана башка драмалардын музыкасын жараткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.