super.kg logo

Жапаров баштаган делегация Ташкенттеги "Технопарк" комплексинин иши менен таанышты

 

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жетектеген делегация Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Ташкент шаарындагы "Технопарк" өндүрүштүк комплексинин иши менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 9-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, экскурсияны Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өткөрдү. Кыдыруу учурунда аталган мекеме 2019-жылдын 10-июнунда В.П.Чкалов атындагы мурдагы Ташкент авиациялык өндүрүштүк бирикмесинин базасында түзүлгөндүгү айтылды.

Акылбек Жапаров өзбек тарапка технопаркка чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн тиешелүү ведомстволорунун экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү маселеси боюнча тыгыз кызматташуусунун зарылдыгын белгиледи.

"Мындай комплекстерди түзүү тажрыйбасы Кыргызстан үчүн пайдалуу болот. Ушундай эле долбоорду республиканын өнөр жай борбору саналган Чүй өрөөнүндө да түзүүгө болот. Мамлекет тиешелүү инфраструктураны камсыздап, мындай долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон колдоону көрсөтүүгө даяр", - деп белгиледи өкмөт башчы.

Белгилей кетсек, аянты 103 гектар болгон комплекстин аймагында 7 өндүрүштүк блокто тиричилик техникалары (анын ичинде тиричилик жана өнөр жай муздаткычтары, кир жуугуч машиналар, турмуш-тиричилик мештери, өнөр жай кондиционерлери, суу насостору, өнөр жай буюмдарын жана тетиктерди чыгаруу үчүн калыптар, панелдик радиаторлор, күн батареялары, эскалаторлор, лифттер, анын ичинде панорамалык лифттер) Artel, Samsung, Shivaki, Qsten бренддери менен чыгарылат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: