super.kg logo

Мектеп директорлорун тандоо: Сынак өткөрүү күндөрү белгилүү болду

 

Республикадагы мектеп директорлорунун бош кызмат орундарын ээлөөгө сынакты өткөрүү күндөрү белгилүү болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында жазылат.

Тестирлөө төмөндөгү график боюнча өткөрүлөт:

4-апрель - Бишкек шаары жана Чүй облусу боюнча И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтсө, ушул эле күнү Ош облусу боюнча Ош мамлекеттик университетинде өтөт.

5-апрель - Нарын, Талас, Ысык-Көл облустары боюнча тестирлөө сынагы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде өтөт. Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча тестирлөө сынагы ушул эле күнү Ош мамлекеттик университетинде болот.

Маалыматка ылайык, документтер 22-мартка чейин кабыл алынат. Документтерди ар бир облус, шаар өзүнө тиешелүү болгон электрондук дарекке жиберет.

Бишкек шаарында – 7, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда – 69, Талас облусунда – 4, Нарын облусунда – 7, Ысык-Көл облусунда – 8, Жалал-Абад облусунда – 67, Баткен облусунда – 27 ваканттык орун бар.

Эскерте кетсек, 6-мартта республикадагы мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарынын тизмесин жарыялаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: