Тургундар күтүп жаткан. Бишкектин Байтик Баатыр көчөсүндө тротуар оңдолуп жатат




Бишкек шаарынын Байтик Баатыр көчөсүндөгү тротуарды оңдоо иштери жанданды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Белгилүү болгондой, Байтик Баатыр көчөсүнүн чыгыш тарабы Токомбаев көчөсүнөн Лев Толстой көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү тротуарды реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
Аталган көчө «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын 2022-жылдын титулдук тизмесине киргизилип, учурда жээк таштарды жана арыктарды орнотуу иштери башталды.
Эске салсак, буга чейин тротуарды оңдоо учурунда телефон жана интернет зымдарын жер астына коюу чечими кабыл алынган. Аталган жол тилкенин узундугу 3800 чарчы метрди түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.