super.kg logo

Кемпир-Абад иши: Сот кимдерди камакта калтырды?

 

Бүгүн, 10-мартта Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчылар, журналисттер жана жарандык активисттердин ишин кароо уланды.

Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен айыпталуучулар 20-апрелге чейин камакта калтырылган. Ага макул болбогондордун жактоочуларынын арызы каралды.

Бүгүн Асия Сасыкбаева, Таалайбек Мадеминов, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчороев, Айбек Бусурманкулов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаев, Чыңгыз Капаров, Илгиз Шаменов, Гульнара Джурабаева, Клара Сооронкулованын баш коргоо чарасын өзгөртүү канааттандырылган жок.

Ал эми кечээ Жеңиш Молдокматов, Акылбек Айтбаев, Азимбек Бекназаров, Али Шабдан, Темир Махмудов, Бектур Асанов жана Рита Карасартованын арыздарын каралган жана райондук соттун буга чейинки чечими күчүндө калтырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: