super.kg logo

Түз эфирде мугалимди шылдыңдаган окуучуларга тарбиялык сааттар өтүлдү

 

Бишкек шаарындагы №91 мектеп-гимназиясынын 10-класстарынын окуучуларына “Адептүүлүктүн мыйзамдары” темасында тарбиялык сааттар өтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 10-мартта Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ага билим берүү жана илим министринин кеңешчиси Кыялбек Акматов, министрликтин тарбия иштери боюнча секторунун жетектөөчү адиси Индира Токонова, Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси Айнура Арстанбекова катышты.

"Тарбиялык сааттардын жүрүшүндө окуучулар топторго бөлүнүп, ар кандай интерактивдүү оюндарды ойноп, суроолорго жооп беришти. Ошондой эле кыргыз кинотасмаларынан үзүндүлөрдү көрүшүп, кырдаалдарды талдашып, адамдагы мыкты сапаттардын асылдыгы боюнча ойлорун айтышты.

Министрдин кеңешчиси Кыялбек Акматов окуучуларга тарбиялык сааттарды өтүп туруу, ата-энелер менен тыгыз иштешүү, биргеликте ар кандай иш-чараларды уюштуруу жемиштүү болорун белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, №91 мектеп-гимназиянын окуучусу сабак учурунда түз эфирге чыгып, мугалимге туура эмес мамиле кылган видео социалдык тармактарга тараган.

Көп өтпөй билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев аталган мектепке барып, окуучу бала жана мугалим менен жолугушуп, баланы ар дайым мугалимди сыйлоого чакырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: