super.kg logo

Президент 51 миллион долларлык заманбап мечиттин курулушуна капсула салды (сүрөт)

 

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 10-мартта Бишкекке жакын Орто-Сай айылында заманбап “Ыйман борбору” мечитинин курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, эки кабаттуу диний жай 20 миң кишиге ылайыкташып, намаз окууга жана дин таанууга бардык шарттар түзүлөт. Анын курамына административдик имарат жана руханий билим берүү мекемеси, медресе кирет.

Садыр Жапаров Кыргызстан калкынын басымдуу бөлүгү Ислам динин тутарын айтып, кыргыз эли Жаратканга ишенип, ага болгон ишенимин көкүрөгүнө бекем сактай турганын белгиледи.

“Бүгүнкү күндө ибадатын калтырбай мечиттерге барып жан дүйнө тынчтыгын издегендер арбып жаткан маалда мындай ири мечиттин салынышы заман талабына шай келип олтурат. Жума күндөрү жума намазын окууда мечиттерге адам батпай, ыңгайсыздык жаралып келатканына да күбө болуп келебиз. Пайдубалын түптөп жаткан мечитибиз ошондой ыңгайсыздыктарды жоюп, жалпы мусулмандардын, мечиттин айланасында жашаган элдин муктаждыктарын канааттандырат деп ишенип турам. Мына ушундай ниет-максаттарыбыз менен мечиттин имаратынын пайдубалын түптөп, ага “мезгил кутусун” – капсула салып жатабыз”, - деп белгиледи мамлекет башчысы.

Жакшы ниет менен пайдубалы түптөлүп жаткан мечит элдин диний сабаттуулугун жогорулатууга кызмат кылат деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров ушу тапта ар кандай чагымчыл диний агымдардын кооптуулугу бар экенин айтып, мындай шартта өсүп келаткан жаш муундардын ата салтын сактап, баалуулуктарыбызды барктап, ошол эле маалда ыйманын күчтөй турган мечиттердин курулушун колдоо керектигин белгиледи.

Бул диний объект ыйман-ынсабы бекем, мекенчил, эл-журтуна кам көргөн эр-азаматтарды тарбиялап чыгарган ыйман борборуна айлансын”, - деди Жапаров.

Мечиттин курулушу чет элдик инвесторлор тарабынан жүргүзүлүүдө, долбоордун баасы 51 миллион долларга бааланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: