super.kg logo

Акылбек Жапаров Самарканддагы өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты (сүрөт)

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Самарканд шаарында жайгашкан бир катар өнөр жай ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлады.

"Министрлер кабинетинин төрагасы жана делегациянын мүчөлөрү ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу “MAN” заводунда, жук ташуучу автоунааларды, атайын техникаларды жана жогорку сыйымдуулуктагы автобустарды чыгаруучу “Uz Truck and Bus Motors” заводунда, ошондой эле, кичи жана орто кубаттуулуктагы автобустарды жана жук ташуучу автоунааларды чыгаруучу “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк участокторунда болушту", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: “MAN” ири габариттүү жүк ташуучу автотранспортторду чыгаруучу завод 2012-жылдын 31-июлунда ачылган. Ал эми, “SamAvto” биргелешкен ишканасынын өндүрүштүк линиясы 1999-жылдын 19-мартында ишке киргизилген. Завод учурда автобустун 4 моделин жана жүк ташуучу унаанын 5 үлгүсүн чыгарат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: