super.kg logo

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

 

11-марттан 14-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо жана унаа жолдордо кар көчкү түшүүcү күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, жолдор тайгак болуп, муз тоңот.

Кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлгөн унаа жолдору:

- Бишкек-Ош унаа жолунун: 121-138-чакырымы (Төө-Ашуу ашуусу), 198-260-чакырымы (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);

- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымы (Өтмөк ашуусу);

- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 70-107-чакырымы;

- Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-113-чакырымында (Чапчыма ашуусу);

- Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 0-3-чакырымында;

- Бишкек-Нарын-Торугарт 292-305-чакырымында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);

- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 42-44-чакырымында (Ийри-Суу тилкеси), 60-94 чакырымында (Кара-Гөө ашуусу);

- Арал-Миң-Куш унаа жолунун 1-14-чакырымында;

- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымында (Чон-Ашуу ашуусу);

- Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 52-68-чакырымы (Сөөк ашуусу).

ӨКМ унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл экенин белгилейт. Ошондой эле кырсык катталган учурда "112" бирдиктүү номерине байланышуу керектигин, чалуу акысыз жана күнү-түнү иштей турганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: