Режиссёр Марат Сарулунун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду







Бүгүн, 11-мартта Кыргыз Республикасынын эл артисти, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, коштошуу зыйнатына маданият министри Алтынбек Максутов баштаган чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, кесиптештери жана жалпы коомчулук катышты. Маркумдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди.
Марат Сарулу 9-март күнү 65 жашында көз жумган. Анын соңку белгилүү кинокартинасы "Көч" деп аталып, эл аралык бир нече сыйлыктарга татыган.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, кыргыз искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, кинорежиссёр жана сценарист Марат Сарулу 1957-жылы 26-сентябрда Талас облусунда туулган.
Ал Кыргыз мамлекеттик университетинин Филология факультетин аяктаган. 1984-жылы Москвада СССРдин эл артисти, режиссёр, сценарист Фёдор Савельевич Хитруктун мектебинен билим алган.
Кыргыз Республикасынын кинематографисттер союзунун, КМШ жана Балтия кинематографисттер бирликтеринин мүчөсү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.