Чычкан капчыгайы кар көчкүдөн тазаланып, жол ачылды
Чычкан капчыгайында түшкөн кар көчкү тазаланып, жол ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен кабарлады.
"№23 жол тейлөө ишканасынын кызматкерлеринин трассаны тынымсыз тазалоосунун натыйжасында жол ачылып, каттам жанданды", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга чейин саат 13:30дар чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 255-чакырымына көчкү түшкөнү кабарланган. Анын көлөмү болжол менен 2640 куб метрди түздү.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
22:57
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.