super.kg logo

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов ЖККУнун башкы катчысы менен жолукту

 

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Имангали Тасмагамбетов менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта президенттин маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө ЖККУнун учурдагы практикалык ишмердүүлүгүнүн маселелери, анын ичинде уюмдун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын комитетинде мурда кабыл алынган чечимдеринин аткарылышынын жүрүшү жана 2023-жылга пландаштырылган иш-чаралардын аткарылышы талкууланды.

Ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери, ошондой эле учурдагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга натыйжалуу жооп кайтаруу контекстинде эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу окуялар боюнча пикир алмашуу болду.

Марат Иманкулов Кыргызстандын ыйгарым укуктуу органдары мурдагыдай эле ЖККУнун дараметин жана кадыр-баркын бекемдөөгө, конструктивдүү жана активдүү салым кошууга даяр экенин билдирип, уюмдун жаңы дайындалган башкы катчысы Имангали Тасмагамбетовго ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: