Муфтият ыңгайлуу шарты бар "Ажылык пакет" алуунун мөөнөтүн узартты
Кыргызстандын мусулмандар дин башкармалыгы ыңгайлуу шарты бар "Ажылык пакет" алуунун мөөнөтүн 18-мартка чейин узартты.
Муфтияттын маалыматына караганда, ажылык сапарына баруу үчүн "РСК банкына" 1 миң доллар төлөп электрондук кезекке турган жана ыңгайлуу шарты бар "Ажылык пакет" алууну каалаган жарандарга 5 миң долларын төлөө мөөнөтү 18-мартка чейин узартылды.
Толук маалымат алуу үчүн 0778 486 167 0(312) 486 167 номурлары аркылуу байланышууга болот.
Белгилей кетсек, ыңгайлуу шарты бар ”Ажылык пакет” алуу мүмкүнчүлүгү быйыл алгачкы ирет түзүлүп жатат. Анда зыяратчылар өздөрү каалаган мейманканага жайгашуу мүмкүнчүлүгүн алышат. Буга зыяратчылардын өтүнүчү себеп болгону айтылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:58
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.