super.kg logo

Депутат Жаныбек Абиров катышкан мушташ. Окуянын чоо-жайы айтылды

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Октябрь райондук милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, 12-мартта Д.А. аттуу жаран милицияга кайрылып, белгисиз адамга чара көрүүнү өтүнгөн. Ал 12-мартта саат 03:30дар чамасында Бишкектин Элебаев көчөсүндө жайгашкан ресторандардын биринде белгисиз адам коомдук тартипти жана жалпы кабыл алынган жүрүм-турум нормаларын бузуп, аны сабап салганын билдирген.

Жабырлануучу учурда Улуттук госпиталда дарыланып жатат. Ага "баш мээнин жабык жаракаты" деген диагноз коюлган.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.

"Мушташка катышкандардын бардыгы аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартылышат",- деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени маалымдалган болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: