super.kg logo

Эне тилге эки мүнөт: Жаздыгын басуу, базары жүрбөй калуу фразеологизмдеринин мааниси

 

"Эне тилге эки мүнөт" рубрикабызда фразеологизмдердин маанилерине токтолуп, чечмелеп келебиз. Бул жолу төө бастыга алуу, жаздыгын басуу, уйдун бөйрөгүндөй, жетүү өмүрү жерге кирүү, базары жүрбөй калуу жана каш карайганда фразеологизмдеринин маанилерин карайбыз.

Төө бастыга алуу - көптөп кетүү. Мисалы, Башкалар аны төө бастыга алышты.

Жаздыгын басуу - арамдык кылуу, көз жазгыруу. Мисалы, Ал Семетей абамдын жаздыгын бассам оңомбу.

Уйдун бөйрөгүндөй - башы кошулбаган, бирикпеген, ынтымагы жок, бири-бирине жакындашпаган. Мисалы, Анча көп эмес, аз эле, кичинекей. Уйдун бөйрөгүндөй болгон аз эл.

Жетүү өмүрү жерге кирүү - абдан катуу уят болуу, сынып калуу. Мисалы, Тамак аңдып келгенсип жети өмүрүбүз жерге кирип, сыртка чыкканча шаштык.

Базары жүрбөй калуу - мааниси кетүү, иши оңунда болбоо, иши оңолбоо, начарлай баштоо. Мисалы, Үч фашист - эки солдат, бир лейтенант, Базары жүрбөй калган соодагердей.

Каш карайганда - күүгүмдө, көз байлаганда, караңгы түшкөндө. Мисалы, Кадырбек менен Асан каш карайганда аттары да, өздөрү да суй жыгылып, куру кол кайтышты.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: