super.kg logo

781 миллион сом. Бишкек мэриясынын кызматкерлери айлыктарын мыйзамсыз көбөйткөнү аныкталды

 

Бишкек мэриясынын кызматкерлери айлыктарын мыйзамсыз көбөйткөнү аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, прокуратура атайын текшерүү ишин жүргүзгөн. Текшерүүдө, ар ай сайын эки маянанын өлчөмүнө чейин мыйзамсыз жогорулатуу менен кошумча үстөк акы төлөнүп келгендиги аныкталган.

"Тактап айтканда, 2021-2022-жылдар аралыгында Бишкек шаардык мэриясынын, Бишкек шаардык Кеңешинин жана Бишкек шаардык финансы башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары өздөрүнүн кызмат абалын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында мыйзам талаптарын одоно түрдө бузушуп, Бишкек шаардык Кеңешинин "Бишкек шаарынын 2021-2022-жылдарга бюджетин бекитүү жөнүндө" токтомдору менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз кошумча үстөк акылар каралган.

Натыйжада, бюджеттик каражаттардын 781 миллион 397 миң сомдун мыйзамсыз чыгымдалышына жана анын ысырапкорчулугуна жол берилип, мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген", - деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратура тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) жана 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: