super.kg logo

"Депутат болсо эле сабай бериши керекпи?". Депутат тарабынан сабалган жарандын апасы үн катты

 

Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан сабалды делген күзөт кызматында иштеген жарандын апасы бул иш акыйкат каралышын айтып, өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылды.

Анын айтымында, ал уулунун сабалгандыгын кызынан уккан.

"Жооп берсин, туура чечим кабыл алынышы керек. Депутат эле деп жаап койбой, карапайым элди дагы карашсын. Депутат болсо эле карапайым балдарды сабай бериши керекпи? Булар дагы элди коргоп жүрөт да. Азыркы кебетесин көрдүңүздөрбү? Акыбалы интернеттегидей эле. Мага Орусиядагы кызым чалды, мен сабалганы тууралуу кызымдан уктум", - деди жабырлануучунун апасы.

Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектин ресторандарынын биринде мушташ тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Ал эми мушташка катышкандардын бири депутат Жаныбек Абиров экендиги айтылып, айрым маалыматтар боюнча, ал мекеменин күзөт кызматы менен чырдаша кеткени маалымдалган болчу.

Октябрь РИИБи Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абировдун үстүнөн арыз түшкөнүн маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: