Улуттук банк интервенция менен валюта рыногуна чыкты
Өлкөнүн Улуттук банкы быйылкы жылдын эсебинен бешинчи жолу интервенция жасады. Бул тууралуу банктын расмий сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, кечээ Улуттук банк 35 миллион доллар саткан. Америкалык валютанын сатуу баасы 87,42 сомду түздү. Бардык сатуу операциялары бүтүм жасалган күндөн башка дата боюнча эсептешүүлөр менен жүргүзүлөт.
Белгилей кетсек, Улуттук банк жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 миллион 170 миң доллар саткан.
Мындай каржылык операция улуттук валютанын кунун көтөрүүгө жана чет элдик валютанын серпилүүсүн алдын алуу максатында жасалат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:46
2025-07-15

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.