super.kg logo

"Чогуу өлөбүз!". Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады

 

Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы ачкачылык жарыялады. Бул тууралуу ал күйөөсүнүн Фейсбук баракчасына жарыялады.

Ал мындай кадамы менен күйөөсүнүн кылмыш ишине нааразычылыгын билдирип жатканын жазган.

"Эгер өлсөк, анда чогуу!

Урматтуу Садыр Нургожоевич! Менин жашоом сиздин колуңузда!

Мен, Теңгиз Бөлтүрүктүн жубайы Ильмира Алпысбаева 13-марттан баштап расмий түрдө ачкачылык жарыялайм. Анткени алар менин күйөөмө эң катаал үй камагын да бербей жатышат! Алар өзүн коргоого мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Ага сакайып кетүүгө да мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Ага балдары менен чогуу болууга мүмкүнчүлүк бербей жатышат! Менин жашоом жана келечегим сенин колуңда! Кумтөрду кайтарып алам деп сөз берди! Ал аткарды! Аллах баарын көрүп турат! Ал таза!"- деп жазган жубайы.

Анын айтымында, Теңгиз Бөлтүрүк менен бийликтин ортосунда эки тарап гана билген келишим болгон. Бөлтүрүк Кумтөрдү кайтарып бериши керек болсо, бийлик да өз кезегинде сөз бергенин айткан.

Башкы прокуратура "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктү былтыркы жылдын сентябрь айында кармаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: