super.kg logo

"Жолдошум тамак жасап, көңүлүмдү алып жатат" дейт 43 жашка толгон ырчы Гүлзада Рыскулова

 

Бүгүн, 14-мартта Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлзада Рыскулова 43 жашка чыкты. Ырчынын майрамдык маанайын билүү үчүн ага байланышка чыктык.

“Туулган күнүмдү майрамдабай калганыма көп жыл болду. Бирок жыл сайын досторум куттуктап, өткөрүп беришет. Быйыл дагы “өткөрбөйм” десем, “биз уюштурабыз” дешти. Кечээ күнү эле биринчилерден болуп куттуктап коюшкан.

Ал эми бүгүнкү күндүн эсебинен биринчи болуп, балдарым куттуктады. Жолдошум болсо, ашканада тамак жасап, көңүлүмдү алып жатат”, - дейт ырчы.

Ырчы Гүлзада Рыскулова 1980-жылы 14-мартта Ош облусундагы Өзгөн районун Чымбай айылында туулган. Ош мамлекеттик педагогикалык институттун музыкалык бөлүмүн аяктаган. Ырчы айым нукура кыргызча ырларды, дастандарды айтып, өзгөчө стили менен калың элге таанылган. Учурда 4 уулдун энеси. 2016-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти наамын алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: