super.kg logo

Кербен шаарындагы күйүп кеткен оорукананын чатырын жабууга 6 миллион сом бөлүндү

 

Аксы районунун Кербен шаарындагы Жалпы дарыгердик практика борборунун күйүп кеткен чатырын жабууга 6 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 14-мартта Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова, Аксы районунун акими Замирбек Сыдыков оорукананын өрт чыккан корпусуна барып, өрттөнгөн имараттын абалы жана башка бөлүмдөрдүн иши менен таанышышты. Текшерүү учурунда министр оорукананын кызматкерлери, бейтаптар жана төрөт учурундагы аялдар менен баарлашты.

Аталган оорукананын директору Медербек Осмоновдун айтымында, чатыры толугу менен күйүп кеткен, өрт имараттын ичине жеткен эмес, бүгүнкү күндө имараттын ичин тазалоо иштери жүрүп, жабдыктар орнотулууда. Өрттөн келтирилген зыян эсептелүүдө. Ошондой эле Жалал-Абад облустук ММК фондунун аймактык башкармалыгынын башчысы Акмат Самарбеков 2023-жылга оңдоо иштерине 17 миллион ​​сом бөлүү пландалып, анын 6 миллион сому имараттын чатырын тез арада жабууга бөлүнгөндүгүн билдирди.

Эскерте кетсек, 13-мартта Кербен шаарындагы ооруканада саат 9:00дөр чамасында өрт чыккан. Өрт саат 11:10до чектөөгө алынып, толук саат 11:23тө өчүрүлгөн. Ооруканадан 72 жаран эвакуацияланып, бактыга жараша жабыркагандар болгон эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: