super.kg logo

16-мартта Бишкектин айрым жерлеринде суу берүү токтотулат

 

16-мартта Бишкек шаарынын айрым жерлеринде суу берүү токтотулат. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

"16-мартта саат 9.00дөн 20:00гө чейин Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен чектелген аймакта, ошондой эле Алтын Ордо, Кара-Жыгач, Полиция шаарчасы конуштарында суу өчүрүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалымдалгандай, суу турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр жай объекттеринде болбойт.

Суу берүү "Контррезервуар" суутоптомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Мэрия калктан келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: